www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу чоң интервью берди, деп билдирет DW.

Шейшембиде, 7-июнда, Der Spiegel журналынын журналисти Александр Озанг менен болгон маегинде Меркель Орусиянын Украинага каршы согушун кескин айыптап, Владимир Путиндин жүйөлөрү тууралуу айтып, эмне үчүн 2008-жылы Украина менен Грузиянын НАТОго киришин колдобогонун түшүндүрдү.

Меркель Орусиянын Украинага басып киришин чоң жаңылыштык деп атады. "Бул эл аралык укукка каршы келген ырайымсыз чабуул жана эч кандай негиз жок" деди ал. Германиянын экс-канцлеринин айтымында, “Путиндин жек көрүүсү, анын кастыгы” Батыштын демократиялык моделине каршы багытталган.

"Ал Европаны жок кылгысы келет. Ал Евробиримдикти жок кылууну каалайт, анткени аны НАТОго карай биринчи кадам катары көрөт", - дейт экс-канцлер.

Ал ошондой эле Германиянын мурдагы өкмөтү "коопсуздук архитектурасын түзө алган жок" деп мойнуна алды. «Бул тууралуу ойлонуу керек», - деген Меркель Украинадагы «трагедияны болтурбоо үчүн дагы көп нерсе жасала алабы» деген ойдо экенин кошумчалады. "Мунун майнап чыкпаганы абдан өкүнүчтүү, бирок аракет кылбаганым үчүн өзүмдү жемелей албайм", - дейт ал.

 

 

Последние новости