www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздөн жаш айланат: эне менен баланын жүрөк сыздаткан окуясы

Окуянын каарманы сөзүн минтип баштады:

-- Үйлөнгөнүмө 20 жыл болду. Мына ошол үйлөнүү күнүмдү эскерүү үчүн жубайым менен бир ресторанда отурууну ниет кылдым. Ага бир жакшы белек тартуулагым келди. Анан оюмду жубайыма билдирип, “ушул жумада ресторанга барып отуруп келбейлиби?” дедим. Ал мага жагымдуу жылмайып, “мени менен эмес, башка аял менен барып отурсаң жакшы болмок” деди.

Мен анча түшүнбөй туруп калсам, ал сөзүн улап, “сен менден артык көргөн, ал да сени жакшы көргөн бир аял бар, акыркы жолу аны качан тамакка чакырганың менин эсимде жок, ошол аялды чакырганың оң” деди да, “сен апаң менен көптөн бери жолуга элексиң. Экөөң чогуу отуруп тамактанып, маектешип келгиле” деп кошумчалады.

Апама чалдым. Оюмду айтсам, апам байкуш “ой, эмне болду? Балдарың жакшыбы? Аялыңа бирдеме болдубу?” деп суроо жаадырды. Көрсө, атамдын дүйнөдөн өткөнүнө 19 жыл болуптур, бул жылдары апамды эч ким ресторанга чакырбаса керек. 9 ай көтөргөн карачечекей уулу мен чакырбасам, башка ким чакырмак эле? Турмуш-тирлик деп жүрүп апамды чындап эле унутуп коюптурмун.

Демалыш күн болду. Апам жакшынакай кийинип, мени күтүп турган экен. Үстүнө атам дүйнөдөн өтөр жылы алып берген көйнөгүн кийип алыптыр. Мени көрөр замат баягы эле суроолорун жаадырды. Эч нерсе болбогонун, жөн эле бир жолу чогуу отуруп, маектешкени чакырганымды айтып, араң тынчтандырдым.

Апам жаш кезинде атам менен анча-мынча бара калчу жөнөкөй ашканалардын бирине бардык. Тамак ташыган кыздар таштап кеткен тамак тизмегине көз чаптырып отуруп апамды карасам, баракты көзүнө жакындатып, бирок көзү жетпей, окуй албай жатат.

-- Келиңиз, сизге мен тандап берейин, - дедим. Апамдын көзүнө жаш айлана түштү.

-- Сизге эмне болду? - деп чочуп кеттим.

-- Кичинеңде сага тамакты мен тандап берет элем, эми сен мага тандап жатасың, - деди.

-- Карызды кайтарчу учур келди да, апа, - деп тамашаламыш болдум.

-- Сен мага телефон чалгандан бери кошуна-колоңдун баарына сүйүнчүлөдүм, алар эмнеге чакырганыңа кызыгып, күтүп жүрүшөт, - деди көзүнөн аккан жашын сүртүп.

Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп көпкө отурдук. Кетип баратып:

-- Апа, мага ыраазы болуңуз! - деп машинага карай бассам, апам мени токтотуп:

-- Балам, дагы бир күнү ушул жерге келип отуралы, - деп калды.

-- Жакшы болот, сиз каалап турсаңыз “жок” демек белем? - дедим.

-- Бирок кийинкисинде тамактын акысын мен төлөйүн, сени мен чакырайын, -деди. Макулдугумду билдирип, үйгө жеткирип койдум. Бирок апам экөөбүздүн бул убадабыз аткарылбай калды.

Көп өтпөй апам ооруп, кайтыш болуп калды. Күндөрдүн биринде бир кыз келип, үйгө чакыруу таштап кетиптир. Карасам, апам экөөбүз отурган кафеден экен, анда эки адамга акы төлөнгөнүн, келип тамактанып кетүүнү сураныптыр.

Аялымды алып барсам, дал апам экөөбүз отурган столду даярдап коюшуптур. Отурар замат кыз колума жарым барак кагаз карматты. Окусам, апам жазган экен:

“Балам, экинчи жолу бул жерге келериме көзүм жетпей калды, пенсиямдан төлөп койдум. Эми аялың менен келип отуруп кет” дептир жарыктык киши. Андан ары “балам, баягы экөөбүз чогуу отурган күн – менин жашоомдогу эң бактылуу күн экенин сен билбеген чыгарсың. Мен сени аябай жакшы көрөм!” деп жазыптыр.

Ошол катты окугандан кийин гана ата-эненин баркын, сүйүү деген эмне экенин түшүндүм. Көрсө, биз эч качан ата-энени түшүнө албайт экенбиз, эч качан алардын биз үчүн соккон жүрөк үнүн уга албайт экенбиз.

Мына ушундай, урматтуу бир туугандар! Кимдин ата-энеси тирүү болсо, алардын кадырына жеткиле. Өтүп кеткенден кийин башыңды ташка койгуласаң да пайда жок. Ата-энең сенин бейишиң же тозогуң экенин унутпа!

Булак: Азия News гезити

Последние новости