www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын коомдук жолдордо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын айтымында, иш-чаралар 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда саат 10.00дөн 20.00гө чейин күчүндө болот. Учурда 18 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынган. Бул жалпы пайдалануудагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылып, пайдалануу мөөнөтүн узартат.

Жер-суу транспорту башкармалыгына Кыргызстандын аймагында жүк ташуу менен алектенген адамдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылып, жол белгилерин орнотуу тапшырмасы берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости