www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-октябрь күнү, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кзектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КМШнын аткаруучу комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Өзбекстан төрагалык кылды.

Чогулгандар КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун ишмердүүлүгүн жана азыркы маанисин талкуулашты.

"Мындан тышкары, шериктештикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын алдыдагы жыйынына даярдануу маселеси каралды. Ал 6-ноябрь күнү онлайн-форматта өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле туруктуу өкүлдөр КМШнын 30 жылдыгынын алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кзектеги жыйыны 24-ноябрга белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости