www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралууда. 28-октябрда судья башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманованы кийинки отурумга мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарганын «Азаттыкка» Салянованын тарапкери Чынара Турдалиева кабарлады.

Анын айтымында, Усманова сотко буга чейин бир нече жолу чакырылган, бирок барган эмес.

«Бул жолу себебин да айтпастан келбей койду, - деди ал. - Күбө катары көрсөтмөсүн берип коюп эле кетиши керек болчу. Сот кийинки отурумга аны мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Кулжабаев көрсөтмө берди. Ошол кезде ал Башкы прокуратурада мамлекеттик айыптоону камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болчу экен. Ал Аида Саляновадан бул иш боюнча эч кандай тапшырма албаганын, регламент боюнча иш атайын прокурордун карамагында болгонун, атайын прокурорду мекеменин башчысынын орун басары Усманова көзөмөлдөп турганын айтып берди».

Усманова соттун бүгүнкү чечими боюнча комментарий бере элек.

Кийинки отурум 11-ноябрга белгиленди.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып тагылган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин ичинде Салянова да бар болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтоону 260 миң сомдон, төртөөнү 300 миң сомдон айыпка жыкты. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат. Алардын бири - мурдагы башкы прокурор Салянова.

Усманова 2019-жылдын июнь айында ИИМдин тергөө кызматында суракта болуп, коё берилген.

Последние новости