www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн башчылары келди.

Өлкө лидерлери КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышат.

Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен күн мурун, 12-октябрда келген.

Ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Беларусь президенти Александр Лукашенко дагы Кыргызстанга 12-октябрда келген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев и Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга бүгүн, 13-октябрда келди.

Учурда өлкө башчылары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келди, жакында тосуп алуу аземи башталат.

Белгилей кетсек, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян президент Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бир катар жагдайлардан улам КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катыша албай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости