www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1917-жылы Британиянын Ирак жергесиндеги куралдуу күчтөрүн жетектеген генерал Стенли Муд бир койчуну жолуктуруп калат. Котормочу аркылуу койчуга: "Эгер иттериңдин бирөөсүн өлтүрсөң 1 фунт берем", - дейт.
Анын иттери - пародасы мыкты иттер болчу. Алар койлорду карышкырлардан коргоп, кой кайтарууда орду алмашкыс жардамчылар эле. Бирок, генерал сунуштаган акчага бир топ нерсе сатып алууга мүмкүн эле.
Койчу, - иттен көрө бир кой союп берейин - дейт. Генерал каршы болуп, итти өлтүрүүсүн талап кылат. Койчу көп ойлонбой итти өлтүрөт. Генерал дагы бир фунт берип, "иттин терисин сыйры" дейт. Койчу аны да аткарат. Генерал 3-фунту берип, этти бөлүк-бөлүк кылып кесүүнү айтат. Аны да аткарат. 3 фунтту алган койчу, ары басып кетип жаткан генералга, эгер дагы бир фунт берсе кесилген этти жеп салууга даяр экенин айтат.
Генерал жылмайып:
— Мен жөн гана сенин табиятынды билүүнү каалагам. Мен сенин өз каалоолоруңдун кулу экениңди түшүндүм. Сен үч фунт үчүн эң жакын досуңду өлтүрдүң, анын терисин сыйрыдың жана бөлүк-бөлүккө бөлүп салдың. Керек болсо 4 фунт үчүн анын этин жегенге даярсың. Мен ушуну гана билүүнү каалагам, - дептир.
Кийин ал өз аскерлерине барат да айтат:
— Бул жерде буга окшогондор көп болсо, силер эч нерсени ойлонбой койсоңор боло берет- деген экен....
Доктор Али Вардинин "Социальные этапы из истории Ирака” китебинен алынды.
Бул окуядан эмнени түшүнсө болот? Кайсы бир коомдо өз напсисинин каалоосу үчүн бардык нерсеге даяр, көөдөнү көр инсандар көп болсо, ал жерди басып алуу эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Анткени алар болбогон ФУНТТАР үчүн душмандын айткан бардык нерсени кылууга даяр болушат. Бизде да тиги койчу сыяктуулар көбөйүп баратканы кооптондурат. Дүнүйөнүн кулу болуудан Кудай өзү сактасын.
Булак: NazarNews.kg