www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Анда Адылбек Касымалиевге базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Базаны модернизациялоо жүктөрдү сактоо жана ташуу шарттарын жакшыртат, техникалык жабдыктарды өркүндөтөт, операциялык процесстерди оптималдаштырат, бул компаниянын ишине жалпысынан оң таасирин тийгизет.

Базаны модернизациялоонун алкагында жаңы күйүүчү май сактоочу резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин жогорулап, 1,2 га аянтка жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары төрага «Кыргызкөмүр» ААКнын Балыкчы шаарындагы филиалында болду. Бул филиал Бишкек Жылуулук электр борбору жана калк үчүн «Кара-Кече» кенинен көмүрдү жөнөтөт жана сактайт, бул жылытуу мезгилинде негизги логистика катары кызмат кылат.

Белгиленгендей, кампанын сыйымдуулугу 40 миң тоннага чейин көмүр, суткасына 150гө чейин жүк ташуучу (4 миң тоннага чейин) унааны, бир эле учурда 100 вагонго чейин жүк түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Аталган жайга видеокөзөмөл системасы орнотулган.

Минкаб төрагасы алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү камсыздап, өзгөчө отун менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешине көңүл бурууну тапшырды.

Последние новости