www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-майда Бишкекте Дүйнөлүк тамекисиз күнгө карата маалымат жыйын өткөнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чаранын темасы — никотин жана тамекиге болгон көз карандылыкка каршы күрөшүү. Министрлик Кыргызстан калкты тамекинин жана никотин камтыган продукциянын зыянынан коргоо боюнча ДССУнун талаптарын жана улуттук мыйзамдарды аткарууну улантып жатканын билдирди.
Министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова жыл сайын тамеки тартуунун алдын алуу жана калкты маалымдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.
ДССУнун маалыматына караганда, тамеки жыл сайын дүйнөдө 8 миллиондон ашык адамдын өлүмүнө себеп болот. Алардын 1,2 миллионго жакыны — тамеки тартпаган, бирок тамеки түтүнүнүн таасирине кабылган адамдар.
Эксперттер өспүрүмдөр жана жаштар арасында никотин продукциясын колдонуу көбөйүп жатканына да тынчсызданууда. Мындай продукциялар көбүнчө кооз дизайн, таттуу даамдар, социалдык тармактар жана блогерлер аркылуу жайылтылат. Министрлик никотин күчтүү көз карандылык жаратарын жана балдар менен өспүрүмдөр үчүн өзгөчө кооптуу экенин эскертти.