www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Дастан Бекешевге жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «жарандар өлкө президентине кантип кайрылууну билбейт» деген билдирүүсү боюнча министрлер кабинети түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, 2021-жылы президенттин жана президенттик администрациянын дарегине жарандардан 22 миң 546 кайрылуу келип түшкөн.

Ал эми 2022-жылдын 4-мартына карата президент жана президенттик администрацияга 3 миң 460 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде президенттин коомдук кабылдамасына аркылуу жарандардан 1025 кайрылуу түшсө, электрондук түрдө 642 кайрылуу келип түшкөн. 

Белгилей кетсек, электрондук кайрылуулар мамлекет башчынын www.president.kg расмий сайты (http://www.president.kg/ru/obrascheniya_grazhdan) аркылуу кабыл алынат. Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук кайрылуу порталы www.kattar.kg аркылуу ар бир жаран өзүнүн электрондук кайрылуусун тиешелүү түзүмдөргө жөнөтө алат.

Мамлекет башчынын жеке тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын 27-январынан тартып «Биринчи радионун» эфиринде жума сайын (ар бейшемби күнү саат 08.30дан 09.30га чейин) «Биринчи кабылдама» берүүсү уктурулууда, анда жарандар президентке онлайн түрундө кайрыла алышат.

Президенттик администрацияга, ошондой эле, «Ишеним телефону»: (0312) 62-53-85 жана коомдук кабылдаманын телефону: (0312) 62-50-20 аркылуу кайрылса болот.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчисинин, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын жана мамлекеттик катчынын, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген. Бекитилген график боюнча күнүмдүк кезмет уюштурулган.

Президентинин администрациянын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жарандардын кайрылууларын кабыл алып, каттоого жана эсепке алат, аларды карап, кайрылуулардын өз мөөнөтүндө каралышын көзөмөлдөйт, каттарды системалаштырат жана талдайт.

Ошол эле учурда жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү президенттик администрациянын имаратынын жанына митинг, нааразычылык акцияларына чыккандар менен дагы иш алып барууда.

Жыл башынан бери ар кандай мүнөздөгү 88 митинг жана пикет катталып, президенттик администрациянын кызматкерлери алардын катышуучулары менен анда көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жолугушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости