www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Болгариялык көзү ачык Ванга 2022-жылы Орусия АКШ менен мамилесин толук үзөрүн айткан. Анын айтымында, Орусия Федерациясы менен АКШнын ортосундагы мамиле курчуп, жогорку чекке жетип, 2022-жылдан кийин калыбына келет. Ошого карабастан дүйнөлүк согуш болбойт деп айткан.
1996-жылы каза болгон Ванганын Орусия тууралуу көптөгөн билдирүүлөрү бар. Алардын бир тобу ишке ашты. Кезинде Ванга Сталиндин өлүмүн, Чернобыль АЭСиндеги аварияны, президенттик шайлоодо Борис Ельциндин жеңишин жана 11-сентябрдагы чабуулдарды алдын ала айткан деп эсептешет.
Коронавирус пандемиясына токтолсок, болгариялык көзү ачык "Келерки жылы адамзат Сибирден жаңы вирустун келишин күтүп жатат. Бул оору көптөн бери муз абалында тоңуп турган. Бирок, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ал муздун астынан чыгыш мүмкүн", - деп божомолдогон.
Ванга келерки жылы дүйнө кургакчылыктан жапа чегерин жана жер шарынын ар кайсы шаарларында ичүүчү суунун жетишсиздиги жараларын айткан. Ошондой эле, Индиянын эли катуу ысыктан улам ачарчылыкка туш болорун белгилеген.
Булак: NazarNews.kg