www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт казино ачууну кайрадан демилгеледи

Экономика жана коммерция министрлиги "Оюн-зоок иши жөнүндө" деген мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга койду. Максат — инвестиция тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарт түзүү.

Долбоорго ылайык, өлкө аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, түшүнүктөр, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, көзөмөлдөө, ошондой оюн-зоок ишинин субъектилеринин жоопкерчилиги аныкталган. Кумарканаларды ата мекендик жана чет элдик компаниялар ачууга укуктуу. Мындай оюндарды ойноого 21 жаштан улуу чет өлкөлүк жарандар гана киргизилет.

"Жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик уюмдар гана оюн-зоок иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Уюм өз ишин мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт. Кумар оюндары ишкерликтин лицензияланган түрү болот. Лицензиялык төлөмдүн суммасын министрлер кабинети аныктайт", — деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.

Экономика министрлиги бул кечиктирилгис мыйзам долбоору деп эсептейт. Андыктан Жогорку Кеңешке бир эле учурда топтому менен үч окууда дароо кароону сунуштап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости