www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казино иштетүүдөн бюджетке жылына 2 миллиард сомго чейин каражат түшөт. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Улан Сарбанов билдирди.

Ал бүгүн азарттык оюн-зоокторго уруксат берүү мыйзам долбоорун алып келип, министрлер кабинетинин атынан баяндама жасады.

Сарбановдун айтымында, салыктык ставкалар жыл сайын кошулуп турат. Ага ылайык, бюджетке 2022-жылы 1,17 миллиард, 2023-жылы 1,6 миллиард, 2024-жылы 2,1 миллиард сом түшөрү болжолдонууда.

"2011-жылы (азарттык оюндарга тыюу салынганга чейин — ред.) өлкөдө тогуз казино, анын ичинде 96 оюн столу болгон. Азыркы эсептөөлөр ошого карап чыгарылып жатат. Эгер жакшы иштеп кетсе, мындан дагы көп түшүшү мүмкүн, болбой калса азаят", — деди Сарбанов.

Ошондой эле ал кумарканалар чет элдиктер үчүн гана иштей турганын, кыргыз жарандарынын кирип көрүшүнө да тыюу салынарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости