www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 11-майда, саат 18:00дөр чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн сайдан сел суулары келип, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сел калдыктарына толгон.

"Эки тараптуу убактылуу жабылган Ош – Баткен – Раззаков жолу саат 20:30да бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана тазалоо иштерине №3 жол тейлөө ишканасынан жана жергиликтүү бийликтен жалпы 2 техника тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости