www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Кытайдан 59 миллион доллар грант алууну пландап жатат. Бул тууралуу 20-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин айтымында, бул каражат Түндүк-Түштүк жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу объектилерди курууга жумшалат. Ал белгилегендей, каттамда таш кулоо байкалууда.
"Беш объекттин курулушу каралууда: үч галерея жана эки көпүрө. Жалпы баасы 59 миллион долларды түзөт. Учурда Кытай менен гранттык келишимдин долбоору даярдалууда", - деп белгиледи бөлүм башчы.
Булак: NazarNews.kg