www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекемелер аралык жумушчу топ эки айдын ичинде өлкөдөгү менчик клиникалардын ишин текшерет. Анын жыйынтыгы менен Президенттин администрациясына алардын ишин оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча сунуштарды берет.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде Кыргызстанда менчик 2099 клиника бар.

Министрликтин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов 15-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустарында 626 жеке менчик клиника текшерилип, 251 ишкерге 1 млн 500 миң сом айып пул салынганын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өткөн жылдын ноябрь айындагы маалыматы боюнча, өлкөдө лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөн клиникалардын саны үч миңге чамалайт.

Мындай клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости