www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев Орусияга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 21-февралда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен «Келечек оюндары» мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Казань шаарында болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу сапардын программасына киргизилген. Анда 2023-жылдын 5-7-октябрында Орусияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Орусия Федерациясында биринчи жолу уюштурулуп, 21-февралдан 3-мартка чейин өткөрүлгөн «Келечек оюндары» салттуу спорттун түрлөрүн, илимий иштеп чыгууларды жана санариптик технологияларды бириктирген мелдеш болуп саналат. Бул ири спорттук иш-чарага 107 өлкөдөн 227 команда, анын ичинде Өзбекстандын спортчулары катышат.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Садир Жапаров да бул иш-чарага катышуу үчүн Казань шаарына барары белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости