www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндүн сүрөтү: 1938-жылы Ош шаарындагы Алымбек датка медресеси
Кыргыз сегментинин социалдык тармактары Ош шаарындагы Алымбек Датка медресесинин архивдик сүрөттөрүн бөлүштү. Сүрөттөрдүн бири 1938-жылы, экинчиси 20-кылымдын башында тартылганы белгиленген.
Сүрөттөр 1987-жылы Фрунзеде жарык көргөн В.Галицкий менен В.Плоскихтин «Байыркы Ош» китебинен алынган.

Кийин совет доорунда медресенин ордунда Спутник циркинин чатыры ачылат. Авторлордун айтымында, учурда «Тимур палван» соода борбору дал ушул жерде, борбордук базардын жанында жайгашкан.
Open.kg сайтынын маалыматы боюнча, медресе 19-кылымдын 50-жылдарынын аягында курулган.

«Шаардык вакф бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Д.Зайнабитдиновдун айтымында, медресе жалпысынан 5 чарчы метр болгон, пайдубалынын аянты 40х50 метр болгон - Короонун ичинде төрт гумбез, мечит, эйвандар болгон Ак-Буурадагы асма көпүрө», - деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости