www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аны кармоо учурунда марихуана жана психотроптук заттардын ири партиясы табылган.
Апрель айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз жигит баңги затын сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери баңгизаттарды таратуу фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин баштады.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 2005-жылы туулган тургуну Н.Я. Ал Будённый көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалган.
«Мындан ары ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жаран баңги заты сакталган жерлерди көрсөтүп, өз ыктыяры менен кара баштыктарга оролгон баңги затын тапшырган. анын үйүндө баңги затын өндүрүү жана сактоо боюнча чакан лаборатория табылган.

Соттук-химиялык экспертиза кармалган заттар баңги заттары жана психотроптук заттар – салмагы 184 граммды түзгөн кара куурай (марихуана) жана 3,972 грамм салмактагы пирролидиновалерофенон психотроптук заты экендиги аныкталган», - деп билдирди ИИМ.
Топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Н.Я кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости