www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-августта саат 13:14тө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 5,5, энергетикалык классы K=12,3 болуп, очогундагы күчү MSK-64 шкаласы боюнча 5,5 баллды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Чолпон айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Ак-Чий, Туз, Эпкин, Чолпон, Комсомол жана Орток айылдарында 5 баллга жакын, Кочкор, Кызарт жана Жумгал айылдарында 4 балл, ал эми Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 балл болгон.
Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок.