www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандары топтолмо пенсиялык фондундагы каражаттарын жана андан түшкөн инвестициялык кирешени алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, айлык акыдан Соцфондго которулган 10%дын 2%ы топтолмо пенсияга багытталат. Бул каражаттар баалуу кагаздарга жана депозиттерге инвестицияланат.

Топтолгон акчаны пенсияга чыкканда, мураска өткөрүүдө же чет өлкөгө көчүп кеткенде алууга болот. Мындан тышкары, эсепте 50 миң сомдон ашык каражат болсо, аны ипотека аркылуу турак жай сатып алууга пайдаланууга уруксат берилет.

Пенсиялык топтомдун көлөмүн Социалдык фонддун жеке кабинети же «Түндүк» тиркемеси аркылуу текшерүүгө болот. Ал эми инвестициялык киреше тууралуу маалымат алуу үчүн Социалдык фондго жеке кайрылуу керек.

Последние новости