www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаары: “Бир Бол” тазалыктын үлгүсү болду”

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Нурлан Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, “Таза шайлоо” акциясын өткөрүп, элге жакшы үлгү көрсөтө алышкан.

“Ишембилик Кочкор-Ата шаары жана Момбеков айыл өкмөтүндө өткөрүлдү. Чоң көчөлөрдү, эс алуучу жайларды, стадиондорду тазаладык. Бул иш-чара боюнча биздин гана партия башкаларга үлгү боло алды. Жергиликтүү тургундар, “буга чейин мындай деңгээлде акция боло элек болчу, жакшы үлгү көрсөттүңүздөр” деп ыраазычылыгын билдиришти. Тазалык иштерин айыл жашоочулары улантып турарын белгилешти ”, -деди Нурлан Кенжебаев.

 Иш-чарага 60тан ашык киши катышты.

Эске салсак,  “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Последние новости