www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келинди өлтүрдү деген шек менен кармалган кишиге сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге бүгүн, 7-августта Нарын облустук сотунун маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылган. 

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-январда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Жерине барган ыкчам топ Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келин каза болуп калгандыгын аныкташкан. Ал эми шектүү катары келиндин күйөөсү кармалган.

"12-майда Кочкор райондук соту 110 миң сом айып салуу менен айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу тарап буга макул болбой апелляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Ал эми 4-августа Нарын облустук соту Кочкор райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости