www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 15-ноябрь күнүнөн 16-ноябрь күнүнө караган түнү Кочкор районунун Сары-Булак участкасынан белгисиз адамдар бир баш уй уурдап бара жатып, Кочкор айылынын ичинен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү автоунааны көчөгө таштап качып кетишкен. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар такталып, алар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1999-жылы туулган тургуну У.Н жана Ыссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 1993-жылы туулган тургуну Н.Б аттуу жарандар кармалып жалпы 10 ашуун мал уурулук фактысын моюнуна алып бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан сырткары Нарын облусунун башка райондору боюнча кылмыш иштерин аныктоо максатында атайын топ түзүлүп, иш сапар уюштурулуп ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы кармалган шектүү жарандардын жанындагы кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди аныктап тергөө кызматына камсыз кылуу үчүн ыкчам иш аракеттер көрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости