www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду.
Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык 21-июль күнү саат 11:55 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 111-чакырымында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz менен Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Натыйжада Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1958-жылы туулган И.Н. жана жүргүнчү Д.А. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.
Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ар кандай жаракаттарды алып, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.
Жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдар катталып, анын келип чыгуу себептерин жана бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.