www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жалпы аймагы коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны тактоо иштеринин жыйынтыгында 15 миң 572 гектарга көбөйдү.
Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылга чейин өлкөнүн жалпы аянты 19 млн 994 миң гектарды түзсө, учурда бул көрсөткүч 20 млн 9 миң 572 гектарга жетти.
Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактардан турат.
Өлкөдө жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын ичинен 1 млн 82 миң гектары жарандардын жеке менчигинде болуп, айыл чарба багытында пайдаланылууда.
Ошондой эле республика боюнча ар кандай багыттагы 18 млн 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикке таандык.
Расмий маалыматта белгиленгендей, 1992-жылдан бери инвестициялык долбоорлор үчүн пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкө аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт.