www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмнегедир Чынаркан Бектурованын эскерүүлөрү эске түшөт. Анын эскерүүлөрү түз эле 60-жылдардын аяк жагына алып барат. Чынаркан эже да жана башкалар да биздин элесибизде жок. Бирок ал ошол мезгилди так, даана, таасын элестеген. 60-жылдардын аягында Кара-Сууда апийим айдоочу эле. Элдин бары апийимге кетишчү. Кичине чоңоюп калгандар мектепке окууга, ал эми андан чоңоюп калгандар апийимге кетишсе керек. Эптеп үйдө балдар эле калчубуз. Айыл ичи цыгандарга жана башкаларга толуп кетчү. Цыгань келатат деп татырактап качып, дарбаза, үйдүн эшиктерин бекитип коюп, көздөрдү алайтып коркуп отурган күндөр эсте калды.
Төлөбек Кочкорбаев
Хан Эсенкулдун Карасарттан тараган чөбүрөсү манап Маңги Ак-Талааны аңтара бийлеп турган хан Эсенкулдун Ниязбектен тараган чөбүрөсү Касымалы болуштукуна аттанды. Эмне туугандык кеп болду экен? Бул купуя сырдын бети бат эле ачылды. Хан Эсенкулдун Куттуксейитинен тараган Шамендин балдары, неберелери: Байтерек, Балбак, Суламбы, Малабек, Бекчоро Кочкор жергесин былкылдатпай кармап турушкан. Акыркысы Бекчоро болуш «ичим» деп бүк түшүлүп жыгылып, ошол бойдон ордунан турбай кете берди. Бекчородон мектеп калды, азыркы Тажыбек, Эмил байкелер менчиктеген жер. Жаш кеткен Бекчорого көз жашын төгүп Эсенбай турду. Ошол бойдон Бекчоро унутта калып баратты. Шамендин бычакка сап баш көтөргөн бала-бакырасы жашы жетелек, бийликти Ниязбектин токолунун баласы Түлкүдөн тараган Тезекбай, Коомандар алышкан.
Хан Эсенкулдун Карасарттан тараган чөбүрөсү Маңгини ушул ой эзип жатты: «Эсенкулдун тукуму, аты да алыска кеткен Бекчорого аш өткөрүш керек» деген, ошол үчүн тууганы Касымалыныкына барган. Ошол кезде эки миң кой баш байге сайган солто элинде аш болуп Касымалынын күлүгү биринчи келип баш байгени утуп алды. Эки миң койдун бирөөнө да тийгизбей айдатып келип Маңги манаптыкына түштү. Бекчоронун ашын өткөзө турган болду баш байгесине эки миң кой калганын туугандары көтөрөт, андан тышкары аштын ыгым-чыгымын жалпы эл көтөрөрү белгилүү. Ушундай бүтүм менен эл мыктыларын чогултуп кеңеш аяк өткөрдү. «Аштын ыгым-чыгымын көтөрө албайбыз» деп так кесе жооп берди эчкисин өлтүрө чапкан көзүнүн чекирлигинен Чекир атка конгон черткинин он башысы. Касымалы болуштун жини келип: «Тээтиги тескери сүйлөгөн адамды байлап койгула, эл кеткен соң сүйлөшөрбүз. Көп болсо 40-50 коюу, анча-мынча уй, жылкылары бар окшойт, алардын барын кызыл уук кылып талап алып, өзүн шылтоо таап Шиберге айдатып жиберебиз» -дейт. Ошол бойдон Чекирди көзүн чекирейтип байлап коюшат. Кечке байланып жаткан Чекир кечке маал бошонуп, үйүнө келип, чын эле 40-50 коюу бар экен, анча-мынча малы бар экен, аларды алдына салып айдап түнү менен Чүйдү көздөй жер оодарып көчүп кетет.
Төлөбек Эсенкулдун түз тукуму. Атасы Өмүраалы, чоң атасы Кочкорбай, анын атасы Маңги, анан Кыдыр, анын атасы Карасарт, алтынчы атасы Эсенкул. Андан ары кете берет: Болот, Маматкул, Үчүке, Сарысейит, Сүтөй, Сүтүке, Манап, Дөөлөс, Кылжыр, Тагай...
Төлөбектин сегизинчи атасы Маматкул бий. Үчүке, Түлкүнү Жаңыл мырза атып салгандан кийин, иниси Кудаян кыргызга хан болуп, ушуну күтүп турган калмактар кол салып “Кыргыздар Кысарга көчүп, казактар кайың саап” калышкан экен. Анжиан тарапта Үчүкенин уулу Маматкул эл мингенди минип, эл ичкенди ичип жүрө берет. Бир күнү катуу жамгыр жаап, эл менен бирге суусундук ичип отурса, тебетейинен тамчы шорголоп чынысына куюлуп жатат дейт. Аны көрүп, бирөө айтса керек: “Ай, Маматкул тебетейиңди силкип алсаң боло” –деп. Маматкул: “Силкир мезгилде силкийбиз!” –дептир. Чындыгы Маматкул тебетейин силкиген убак келген. Ал кыргыздын башына туруп тебетейин силкип, кыргыз жерин калмактардан бошотту. Маматкулдун тукумдары: Болот, Темир, Эсенкул, Карасарт, Ормонхан, Төрөгелди, Шамен жана башкалар, аларга Маматкулдун балдары “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо эли бар”-деген сөз калган.
Төлөбектин жетинчи атасы Болот бий. Маматкулдун ордун Темир эмес, уулу Болот ээлеген. Тагай бийден калган ханга тете уруу башчысынын асемдери Болотто калган. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Таттыкөтөн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш күрөң» деп аталып калган. Болот бийдин алтын бешикке бөлөгөн баласы Айдарке. Учурунда Болот бий беш аялынан төрөлгөн балдарды Санчы сынчыга сынатканда сынчы балдарын көрүп:
- Болот, макул көрсөң сага тандап аял алып берейин. Ошондо сенин эле атыңды эмес, кыргыздын атын чыгарган, бардык жагынан төп келген баатыр уулдар туулат. - деп айтат. Болот бий Санчынын сөзүнө муюп, Таалаке деген отуз жети жаштагы жесир аялды алат. Ошондон Эсенкул баатыр төрөлөт.
Төлөбектин алтынчы атасы кыргыз ханы Эсенкул. Эсенкул бешикте кезинде журтка унутуп кетишип, аман табылгандыгы үчүн эл ысымын Эсенкул коёт, ал алп денелүү адам болгон, согушта көп баатырдык көргөзгөн. Эл ичинде «чоңдугу Эсенкулдай» деген ылакап сөз тараган, «казык моюн Эсенкул» деп да аташкан. Эсенкул Болот уулу болжолу 1730–35-жылдар аралыгы туулуп, 1810-жылы, азыркы Токмок шаарында каза болгон. Ошол кездеги оң канат кыргыз урууларынын башында турган чоң манап. Эсенкул калмактар менен болгон согушка жаш кезинде катышкан.Уламышта ал 16 жашында биринчи жолу жекеге чыгып, жеңишке жетишкен делет.
Казактын баатыры, кыргызга жылкы тийип, чаап кеткени келет. Ошол кезде Эсенкул болгону он алты жашта болуптур. Бала жоо келгенин билип, аттын тизгинин жоону көздөй буруп, бет-маңдай чыгат да, жылкы тийип келген киши менен беттеше түшөт. Аны оңой аттан түшүрүп, колу-бутун таңып салат. Эртең менен баягы казактын баатыры таң калган экен да анан айтыптыр. «Кечинде мени аттан түшүргөн баатырды көзүмө бир көргөзгүлөчү, ушул жашка чыкканы аттан түшүп, жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес элем»-дейт. Эсенкулду көрүп. «Ушул жаш бала мени аттан түшүрдүбү? Мага кечинде оозун ачкан арстан кол салды. Оозунан от балбылдап күйгөн арстан көзүмө көрүнгөндө эмне кылаарымды билбей калдым»- деп кийин Эсенкулга кызын берет.
Төлөбектин бешинчи атасы Карасарт. Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу Эсенкул баатыр болгон. Анын атагы менен бүткүл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Болуштук убагында сарбагыштын майда уруктарын «Борукчу» дешкен. Эсенкул балдарынын ичинен элге кеңири таанымалы Анардын алты уулу Ниязбек, Куттуксейит, Абдыраман, Шоорук, Кубат жана кенжеси Карасарт.Эсенкул хандын ошол кездеги орун очогу, таажысы, хан тактысы жана башка абдан зарыл мүлктөрү Карасарттка мураска өткөн. Тагай бийден бери келаткан таажысы менен хан тактысы иниси Ормонго тартуулап берген. Айтылуу Төрөгелди баатыр чоңчарык Балык менен саяк Айтикени айтыштырат. Айтике каптап кирет: «Ниязбекти жайладың, Карасартты жайладың...» -деп Ошондо Балыктын жооп бергени:
«Жүз жаштагы Ниязбек,
Жүдөгөндөн өлбөйбү.
Алтымышта Карасарт,
Алжыгандан өлбөйбү...»
Бул жерден эки нерсени түшүнсө болот, биринчиси, илгери алтымыш жашында эле алжып калчубу деген ой, андай болбойт, анткени жүзгө да толуп атпайбы. Ошол үчүн ырдын уйкаштыгы үчүн Ниязбектин жашын көбөйтүп, Карасарттын жашын азайтып койсо керек. Болжол менен ошол кезде Ниязбектин жашы токсондон ашып, Карасарттын жашы жетимиштен ашса керек.
Төлөбектин төртүнчү атасы Кыдыр. Ал киши араб арибин таанып, сөз кенчин элге түшүндүрө билген даанышман адам болгон. Анын таамай, ташка тамга баскандай айткандары ошол кезде хан болуп калган Ормондун купулуна толгон. Эсенкул тукумунун билермандары Кыдырдын үйүнө келип, дайыма акыл калчап кеп куруп турушкан. Көлдө Кыдыр аке деп коюшат. Бирок ал бул Кыдырдан кийин жарык дүйнөгө келген, бирок эмнегедир бул Кыдырдын айтып кеткендерин кээде ал энчилеп алат. «Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө көрүн бербейт» деген сөздүн сыры эмнеде? Саяктардан Садыр аке,бугудан Кыдыр аке, мытый, мундуздан Жайылкандар чоң жыйын болуп калганда дөөлөстөн калыс адам дешип, Сарт акени чакырышчу экен. Ал киши үйгө кирер менен эле, эки жакты карабай түз эле төргө барып отурчу экен. Ошондо Садыр аке: «Бул жаргак тончон дөөлөс эки жакты карабай түз эле төргө өтөт, ылайым төрүн, өлсө көрүн бербейт го» деген. Ушундан улам айтылып калган.
Төлөбектин үчүнчү атасы Маңги. Анын бала чагы, жаш кези орус падышачылыгынын доору өтө курчуп турган мезгилге туш келет. Ата-тегинен бери чынжырлуу манаптар атка конгон манап Маңгиге Октябрь көтөрүлүшү бычак менен жүлүнгө сайгандай болду. Жашы улгайып бараткан Маңгинин жер тиреген малдары болгон. Күйүкбаш, Токталы деген кул-кутандардан чыккан иңкунун баканооздору бийликке жагыныш үчүн жаш турушуп бай-манаптарга айгак чыккан. Ак-Кыядан жети Маңгиге окшогон байдын мал-мүлкүн конфискациялап, малын чогултуп кийинки Теңдик колхозун түзүшкөн.
Айрыкча «Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо малы бар» Маматкул, Эсенкулдун тукумуна оор тийди. Ал кезде Эсенкулдун тукуму Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Кочкорду бийлеп, болуштарынын көпчүлүгү Эсенкулдун тукумунан эле. Бүтүндөй Ат –Башыны тейлеген Чоконун Казысы кулак болуп Кочкорго сүрүлүп, андан ары Казакстанга айдалып кетти. Ошол Казакстанда да анын аты, кадыр-баркы бар экен ошону менен чогуу баргандарды баккан экен.
Төлөбектин чоң атасы Кочкорбай чынжырлуу манап Маңгинин баласы. Совет бийлиги орногон соң, эң биринчи максаты катары бай-манаптарды жамандап элге жаман көрсөтө баштайт. Коммунисттик коом орногондон баштап Эсенкулдун тукумдары зулум, канкор аталышып элден четтете баштаган. Кыргызда: «Атасы жакшы айттырбайт, Теги жакшы дедирбейт, энеси жакшы жеңдирбейт» деген кеп бар. Анын сыңарындай Кочкорбайдын ата-теги мыкты болгон, алар кандай жакшы жашап, күн көрүп суу ичкенин тукуму тарта албай калышты. Себеби, алардын колунан бардык мал-мүлкүн тартып алышкан. Өздөрүн советтик түзүлүшкө каршы ишмердүүлүгү үчүн деген күнөө менен айыптап, ошол учурдагы Эсенкулдун тукумдарынын башка өкүлдөрүндөй эле «эл душманы» деп айыпталып, кемсинтүүгө туш келип, кыйынчылыктарды тартышат.
Кээ бир Эсенкулдун тукумдары биригип Совет бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгышты. Бул эл үчүн күйгөн, мекенчил адамдар эле. Бирок аларга «басмачы» деген ат коюшуп, басмачынын кийимин кийинип алышып, айылдарды талап-тоноп, киши өлтүрүп, азыркыча «пиар» кылышып атып эл-журтка жек көрүмдү кылып салышты. Акыры совет бийлиги үстөмдүк кылып Эсенкулдун тукумун талап-тоноп, үй-мүлкүн тартып алышып, өздөрүн ай-талаага ташташты.
Төлөбектин атасы Өмүралы. Шалек байке айткан бир жолу Жокин байке атам Келдибектен сурайт: «Сиз көрүп билген, биз көрбөй калган адамдардан кеп кылып берсеңиз?». Ошондо бир топ адамдарды айтып берген экен. Арасында Шалек байкенин атасы Дайыр мерген да бар. Бул тууралуу ушул китепке жазылды. Атам болгондо замандашы Өмүралы тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бермек. Ал кишинин калган таржымалы Төлөбекке дайындыр. Ошол үчүн көрүп-билип жүргөн Төлөбек тууралуу сөз кылалы.
Алп денелүү Төлөбек накта Эсенкулду тарткан Эсенкулдун тукуму.
Биздин Кара-Суу орто мектебиндеги пионердик дружина Зоя Космодемьянская атында эле. Төлөбек бизден бир класс мурун окуп, бул класста Сатыке,Тенти, Карагул, Жаныбек,Турдалы, Шайлоо, Жокин, Такин сыяктуу сабактын да, мушташтын да майын чыгара тургандар окуй турган.Төлөбек сабак жагынан да, мушташ жагынан да барынан күчтүүсү болгон. Биз Карагул, Шайлоо, Каныбек болуп өйдө жак менен мектепке барчубуз. Ошол үчүн Төлөбекти жакшы билип калдым. Нечен чоң кармаштарда кулалы чымчыктарга кол салгандай топту жарып кирип кол сала турган. Кичинекей кезибизде жетикулдан Сагынбаевдин балдары тың эле. Ар бир класста эле бирден атаман Сагынбаев бар. Төлөбек да өз классынын атаманы болгон. Менин эсимде өзүнөн бир жаш улуу Алмаз менен көп мушташты. Алмаз жетикул ал кезде эле трайбалист окшойт, жакын туугандарына таянып Төлөбек менен мушташып, жалгыз болсо таяк жеп калчу, көбүнчө Сагынбаевдер көптөп кетишчү. Атам айтып калчу, Эсенкул жоодон кайтып келсе казан-аягын иреттеген кулдарынын бары Жунгарияны көздөй безеленип кетиптир. Эсенкул атынан түшпөй эле, кулдарынын артынан жөнөйт. Эптеп кулдарын табат, караса кээ бир кулдары томурайып, томурайып эле ээн талаага жатып алышыптыр. Бир топ ак ниет, эмгекчил, мыкты кулдары алачык жасашып ичине кирип жатып алышкан экен. Эсенкул баатыр жинин ээн талаада жаткан кулдарынан чыгарып, «Өз жанын бакпаган, мени бакмак беле» -деп бүт мууздатып салат да, алачык салып жатышкан ак ниет, эмгекти сүйгөн, каарман кулдарын алып келип, күң алып берип, тукумун улап калган экен. Азыркы «жети кулдар» ошол чоң муштум, жырткыч,канкор Эсенкулдун кулдарынын тукумдары болсо керек.
1980-жылы Кара-Суу орто мектебинин 10-«А» классын аяктагандар: Кочкорбаев Төлөбек, Эсенбаева Гүлнура, Абдрасулова Айнаш, Исмаилова Кундуз, Тѳрѳжанова, Султанбаева Жумагүл, Абдыгазиева Кымбат, Асанова Гүлмира, Буудайчиева, Искендеров Тенти, Абдыкадыров Жаныбек, Мамбетсадыков Карагул, Саралаев Сатыбалды, Асылбаев Жокин, Мадасымов Турдалы, Молдокматов Жыргал, Миңбаев Шайлоо, Агынов Таки, Кадыров Чолпонбай ж.б
10 «Б» классын аяктагандар: Махабат Абдылдаева, Фарида Абдыжапарова, Макелен Абдылдаева, Керимкулова, Байдалиева, Бейшенбекова, Кермакунова, Кербен Исмаилов, Сабырбек Султанов, Эркинбек Качкынбаев, Токен Токтобеков, Кубан (Пантер) Абдыгазиев, Окен Текшербеков, Баялы Турпаналиев, Туйту Шакиров, Жаныбек Бейшеналиев, Жаныбек Сагынбаев ж.б.
Директору: Эсенбаев Келдибек, завучтар: Токтогонов Нурдин, Керимкулов Карыпкул, парторг: Жапанов Асанбек, Класс жетекчи: Карабалаев Кермалы , Батталов Сапарбек , Мугалимдер: Турганбаева Нурила, Абдилова Салтанат,Талипказиева Бүбүш, Сагынбаев Асаналы, Абдилов Апас, Бердибеков Акылбек, Рахманов Акылбек, Мавлянкулова Батма, Кыргызбаева Калбүбү, Турганбаев Мукай, Турсунова Зыйнат, Сартов Аскербек, ж.
Мектепте окуп жүргөндө да мен билгенден Тенти, Жаныбек, Карагул, Шайлоо менен мушташканын көргөн жокмун, калгандарын чилдей бырпырата баса калчу. Жогорку класстардан өйдө жак, ылдый жак болуп бөлүнүшүп, ылдый жактын балдары Төлөбектин тепкисинен кутулушкан жок. Биздин «б» класстын балдары Төлөбекке «төлөмөр» болуп салык төлөп жүрүштү. Кийин айыл өкмөтү Талант Калчаев «Ыр кесе» уюштуруп 1955 жылы туулгандардан баштап концерт коюшуп, анан кийинки класска эстафета сунушуп, 2000 жылы 1963-жылкылардын кезеги келди. Аны менен кошо 20 жылдыгын өткөрө турган болушту. 1963-жылдан кийин биз 1964-жылкылар, булар эстафетаны бизге сунушмак. Эстафетаны алыш үчүн клубга барсам, кайран Төлөбек окууну бүткөнүнө 20 болгонуна карабай биздин «б» класстын балдарын тизип алып, салык салып атыптыр. Чоочуп кеттим: «Ай Төлөбек, мобу (Алмазды көрсөтүп) сага окшоп 64түн атаманы болду. Жакында «короновать» этебиз. А сен аны жөргөмүштүн жанындагы чымындай титиретип, тизип алыпсың. Эртең мектепте барарыңды унутпа, керек болсо мектепке жолотпой койобуз» десем. Төлөбек: «Мен буларды тамашалап эле тизип койдум» деди. Анда мен орто мектептин директору болчумун. Тамашасы курусун Алмаздар ажыдаар сугуна тургансып өң-алеттен кетип калыптыр.
1981 жылы ноябрда Төлөбек Кубан экөө Армияга кетмек. Кишкалар келиптир Төлөбекти жайлайбыз деп. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дедим, 63төр бүт Армияга кеткен соң мактанбайлы дедим. Ошол кезде кийинки майга калган Тенти, Кулондор менен чогуу отурушуп далай жакшы күндөр өттү.
Төлөбек милиция тармагына өттү. Эл арасында ал тууралуу көп айтылган чоң аталары Эсенкул ханды тарткан Кара-Суунун тың чыкма баласы болду. Бир жолу МВДдын алдында жолукканбыз. Полковник Бакыт Сейитов деген бугучулук 64-жылкы деген министрди маалыматчысы бар, мен таанышканы ушул күнгө чейин ошол жерде милициянын гезитин жетектейт, ошого баргам. Министрге келдим эле деди, мен шашып жаттым эле көпкө сүйлөшкөн деле жокпуз.
Апамдын бешинчи атасы Эсенкул; Султаке, Нарынбай, Сатылган, Базаркул, Эсенкул; Апамды Эсенкулдун тукумдары бары «эжеке» же «карындашым» деп сыйлап калчу. Мен көргөндөн карсарт Токтогонов Нурдин дайыма эжеке деп чай-чуй ичип кетчү. Абдыраман Карыпбек, шоорук Кеңеш агай, Шамен уулу Даалатбек, Ормон уулу Жетимиштерден угуп калчумун. Эсенкулдун 21 баласы болуп эң мыктысы Карасарт болгон. Сегиз баласы тең тың чыгып, алды Ормон ханга жетип Ниязбек эл оозунда көбүрөөк айтылат. Карасарт, Ниязбек Куттуксейит, Кубат, Абдыраман, Шооруктун тукумдарын "Анардын алты уулу" деп чынжырлуу манаптарга кирет. Базаркул менен Назарды (Калчанын чоң атасы) бириктирип Каракыз эненин балдарын Отонтой деп койгон.
Эсенкулдун жети аялынан жыйырма бир баласы болгон. Эсенкул балдарынын ичинен элге кеңири таанымалы Анардын алты уулу Ниязбек, Карасарт, Куттуксейит, Абдыраман, Шоорук, Кубат. Атагы чыкканы Ниязбектин сегиз беги эле майдаланып кетти. Ал эми Карасарттын тукуму албуутанып баратат. Токтогонов Нурдин, Самудинов Бообек деп экиден бири болуш. Токтогонов Нурдин көп жылдар сельсоветти тегеретип турду. Бизди да англис тилинен окутту, кийин ал киши менен кошо иштешип калдым. Токтогонов Нияз деген байкебиз кээде жымың этип көрүнө калчу, акыркы мезгилдерде жок. Мен мектепти жетектеп жүргөндө мамлекеттик экзамен берген жатсак Эмил Токтогонов жок. Мугалимдерди жөнөттүм, көрсө үйүндө жыргап уктап жатыптыр, бүгүнкү күнү Эмил Токтогонов деген дүйнөнүн чемпиону болгон.
Самудинов Бообек учурунда колхоздо атка минер, айыл өкмөт башчысынын орун басары, мектептин бир бучкагын чоюп жүргөн. Учурда бир уулу биздин орто мектепти жетектеп директор болгон. Атамдан кийин мен баш болуп,карасарт кызы Эркин эже төш болуп көп эле киши директор болдук, «Атаңы тартып мыкты директор болду» деп угуп калам. жүрөт. Анын чоң атасы колу ачык, берешен киши болгон Бейшеке таякем конокко барганда музоонун деликатес эттерин салып сыйлоочу экен. Апам айтып калчу Самудинов Бообектин апасы Ажар келин кезинде атасын «Балбан» деп тергечү экен. Кайын энесинин көзү көрбөйт, анан эт келгенде ага тийишип эт чайнамыш болуп калчу экен. Кайын энеси: «Йе Балбан тигиге эт көбүрөөк кезип берип койдуң го» дечү экен.
Самудинов Бообектин бабалары Карасарт Эсенкул баатырдын «бел чечер» уулу болгон. Эсенкул баатыр Кокон мамлекети менен да мамиле түзүп 1791-жылы уулу Карасартты Кокондун башкаруучусу Нарбото бийге элчиликке жөнөтүп, ага 18 күлүк ат тартуу берген. Карасарт жаш кезинде көп эл менен элчилик кызматты ишке ашырып Эсенкулдун таянган уулу болгон. Ал кыргыздын тарыхында чолпон жылдыздай из калтырган. Кийин Ормон хан болгон соң бул милдетти Карасарт Куттуксейиттин Шаменине өткөрүп берет. Булардын ата-тектери тууралуу айтып кетпесе болбойт. Тагай бийдин Кылжырынын балдары бийликке эптүү келип, эл ичинде булар багыштан да зор болду, зор багыш болду дешип, Кылжырдын балдары «зорбагыш» аталат. Дөөлөстүн баласы Манап бий калмактарга каршы жоого бет алып, атагы таш жарып турганда, Дөөлөстүн балдары гана «зорбагыш» наамын приватташтырып алып, Орозбактынын балдары «бугу» аталып кетет. Кыргызда «манап» деген титул, Манап бийдин атынан калган. манап бийдин тукумдары: «Биз манаптын тукумдарыбыз» деп жүрүшүп, аркалык кыргыздарда «манап» деген кыргыздын элитасы пайда болот.
Азыркы күндө Маматкулдун тукумдарынын мыктысы чыкпай туру. Санжыра боюнча Акаевдин түпкү атасы Абыла Манап бийдин бир тууганы Токонун асыранды баласы. Токонун жалгыз кызы болгон. Кыш-күрөөдө Токо каза болуп, Таластагы кызына күн жылып, ашуу ачылганда кабар берилет Ошондо Токонун кызы:
Өзүк менен Молойум өзүм тапкан кул эле,
Абыла менен Чонойум атам тапкан кул эле.- деп кошкон экен да. Ошол Акаев деле, он төрт жыл кыргызды бийлеп турду чиркин. Ага караганда накта Маматкулдун тукумдарына чүйгүн майлуу «устукандар» тийбей келатат.
Төлөбек милициядан алыс эмес.Абды Суталинов –Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды. Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.
Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.
Көтани- 2016-жылы ноябрда жанында кошо жүргөндөрдү сатып, министр болгон. Ошол жылы эле декабрдын аягында кызматынан кетип, Кулов менен биригип «Бириккен, фронтту» түзгөн.
Болотбек Ногойбаев (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон.
Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.
Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!!
Кубат Байболов (2010-жылы) Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.
Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп «борттон» ары ыргытылган.
Шамиль Атаханов (2012- жылы) Аны мазактап ары-бери калчап жүрүп, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.
Абдылда Суранчиев (2012 – 2014) Бул министрди «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.
Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жатыр. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.
Кашкар Жунушалиев -2016-жылы бир аз турду.Атамбаев муштагыласа да генералдардын алдында туруп бергени бар.Ага караганда Атаханов айтыша кеткен.
Улан Исраилов – 2016-2018-жыл, Атамбаевдин «телохранители»;
Кашкар Жунушалиев -2018-жылдан баштап -2020-жылга чейин.
Улан Ниязбеков-2020-жылдан баштап министр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg