www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээли зээнди кейитчү болду. Интеллектуалдык деңгээли төмөн депутаттардын өздөрүн алып жүргөнү, ыйгарым укуктук милдетин түшүнбөгөн сабатсыздыгы элди иренжитип бүттү.
Арийне, арасында бычакка сап, элдин көйгөйүн көтөргөн мыктылар жок эмес. Тилекке каршы, Эрулан Кокулов сыяктуу депутаттык мандатты кор кылып, блогер болуп көрүнгөн эшикти мурду менен сүзө качырып жүргөндөр көп.
Мына буга чейинки кылыктарын айтпаганда дагы, кечээ Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кабинетинин эшигин жөөлөп, сүзө качырып кирип, "мен депутатмын, мени токтоосуз, кезексиз кабыл албайсың" деп кекетип, мокотуп ит болду. Деги эле жардамчысына камерага видео тарттырып алып, жеңил пиар жасаган жосунсуз жоругун депутат болсо да калтырбай адат кылып алган тура.
Дагы Иманалиевдин канткен менен деңгээли бийик экен, мурду жок букадай жөөлөгөн, тарбиядан куржалак калган Кокуловго теңелбей, отургузуп алып сабак өтүп мээсине депутат кандай болоорун жеткиргенге аракет кылды. Чычалап кеткен Кокулов акыры уятына чыдабай чыга качты. Негизи Иманалиевден башка Эруландын өзүнө окшогон башка бирөө болгондо, балким мурдунан жетелеп чыгарып койсо жарашмак.
Өкүнүчтүүсү, Кокулов дагы деле баягы ашканада таракан издеген аң-сезимден көтөрүлбөптүр. Ошол ашкана таза болсун деген ниети чын болсо, эмдигиче ушул багытта бир мыйзам жазып киргизет эле. Жок, андан дайын жок. Жүрөк таракан издеген деңгээлде. Мындан ары өсүшү кыйын окшойт. Деңгээл болбосо ошол тура. Ушуну шайлаган элге убал.
Булак: NazarNews.kg