www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 27-ноябрда “Зомбулукка каршы 16 күн” өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандагы парламентаризмди жана көз карандысыз сот бийлигин колдоо боюнча тегерек стол өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Махабат Мавлянова, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер катышты.
Уюштуруучу, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Чынара Айдарбекованын айтымында, аял судьялар менен депутаттар чогулуп, судьялар карап жаткан мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү талкуулашат.
“Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы коомдук бирикмеси ушул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Анда сот бийлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы байланышты жакшыртуу каралган”,-деди Айдарбекова.
Булак: NazarNews.kg