www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калкы үчүн төөнүн жүгүндөй жүк көтөргөн жигиттерибиз бар. Атамбаев президент кезинде кабыл алуусуна кирген кишилер, бүк түшүп жыгылышып, туфлисинен өөп-жыттап, өз көйгөйлөрүн чечип алып жатса, ал кездеги депутат Улукбек Кочкоров элдин  көйгөйүн козгоп, Сох маселесин кабыргасынан койгон, мындай кептерге ичи өтүп кеткен Алмазбек Шаршенович “Каримов өлмөйүн Өзбекстан менен эч маселе чечилбейт” –деп эл аралык мамилелерди уруп ойнобой агынан жарылган. Бул сөзду уккан Каримов ого бетер суук мамилеге өткөн. Каримов деле акты карады бирок эч маселе чечилген жок.

Улукбек Кочкоров туура маселелерди козгоп, президентке талапкер Сооронбай Жээнбековко каршы атаандаш болуп 2017 жылы талапкердигин койгон. Жаш болсо да анын мындай чабыты көпчүлүккө жагып, кийин бийлик министр кылууга аргасыз болгон. Мындай келечектүү, күчтүү электораты бар министрлерди иштетиш керек эле. Же ысык-көлдүк Жапаровго ысык-көлдүк Мамыткановдор эле керекпи?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости