www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ичине мончо жана буукана салынган унаа көлдүн жээгине чейин кирип алганына жергиликтүү тургундар нааразы болууда деп жазат Турмуш.

Алардын айтымдарында, райондун Үч-Үңкүр пляжына көчмө мончо унаасы кирип, мончодон чыккан адамдар дароо көлгө секирип жатышат.

«Унааны көлдүн жээгине киргизүүгө болбой турганын ээсине айтсак, бизди укпай койду. Көлгө түшүп жаткандар да барып айтышты уккан жок. Экотехинспекция буга көңүл буруп койсо жакшы болмок», - дешти жергиликтүүлөр.

Буга чейин Ысык-Көл районунда 11 пансионаттын көл жээгиндеги мончолору жабылганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости