www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн учурда 44 өлкөдөн билдирүү келгенин КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Сөз ыңгайы келип турганда белгилей кетчү нерсе, III Дүйнөлүк эл аралык бул иш чарага даярдыкты баштоо туурасында тээ 2017-жылдын декабрь айында эле андагы премьер-министр Сапар Исаковдун атайы көрсөтмөсүнүн негизинде старт берилген болчу. Ошол эле күнү УТРК да С. Исаковдун катышуусунда жыйын болуп, уюштуруу комитетинин катчылыгы тарабынан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун жаңы логотиби презентацияланган. Ал логотиптеги мааниде - жер планетасындагы көчмөн элдердин жашоосу философиялык ой толгоолордун негизинде чагылдырылган. Андан соң 2018-жылдын 14 –апрелинде борбордогу Улуттук театрда Көчмөндөр оюнуна болгон даярдык тууралуу Сапар Исаков кайрадан өзү катышкан иш чара болуп уюштуруу иштери боюнча бир топ тапшырмалар айтылган. Ошондон соң эл аралык бул иш чарага катышуу үчүн С. Исаковдун өкмөтү дүйнөнүн 102 өлкөсүнө расмий чакыруу жөнөтүшкөнүн кабарлаган. Даярдык шака- шука башталган.
... Ошол бойдон М. Абылгазиевдин өкмөтү Көчмөндөр оюнуна болгон даярдык туурасында июнь айы аяктап баратканда «ойгонушту». Бул иш чара туурасында азыркы өкмөт 20-июнда чогулуп, уюштуруу комитетинин чоңу кылып вице-премьер К. Боронводу дайындашкан.
... Ошентип, III ДКОнун спорттук программасын өткөрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык спорттук делегацияларды каттоо иштери 31-июлда аяктайт. Айтмакчы, 2016-жылдагы II Көчмөндөр оюнуна дүйнөнүн 55 мамлекетинен спортсмендер келген.
Эми а дейбиз, бу дейбиз, эмнеси болсо да келген конокторго уят болбой, Кыргызстан деген ушундай жаратылышы тамшандырган кереметтүү мамлекет бар экенин, кыргыз эли тоо мүнөз, меймандос эл экенин меймандарга, алардын ММКлары аркылуу дүйнө жүзүнө жакшы маанайда тааныта алсак деген тилек! Ким кандай түшүнөт билбейбиз, бирок биздин пикирибизде Көчмөндөр оюну аркылуу Мекенибиздин даңкын, баркын ааламга тарата турган көпүрө. Учурдагы уюштуруу комитетинин катчылыгы деле айтып жатпайбы «Кыргызстан эгемендүү болгон 27 жылдан бери бизди дүйнө жүзүнө тааныткан масштабдуу жалгыз долбоорубуз ушул» деп.
Күлчоро Кабылов
Булак: "Айгай"