www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарын" өткөрүү датасы аныкталды. Эл аралык спорттук иш-чара быйыл 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Оюндар эки жумадай уланат.

"Көчмөндөр оюнунда" улуттук спорттун 36 түрүнөн таймаштар өтөт. Ага 80 мамлекеттен 3000 спортчу катышары күтүлүүдө. Андан тышкары, 50 өлкөдөн журналисттер келет.

III дүйнөлүк "Көчмөндөр оюндарына" даярдык 2017-жылдын 15-декабрында башталган.

Алгачкы "Көчмөндөр оюндары" 2014-жылы, экинчиси 2016-жылы өткөн. Быйылкы таймаштар да Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында уюштурулат. III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 307 миллион сом бөлүнгөнү расмий кабарланган.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Ал эми 2018-жылы өтүүчү көчмөндөр оюнун Түркия мамлекети Стамбул шаарында өткөрүүгө кызыктар экенин билдирген.

Көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн көркөн ачып, райондо жайгашкан кооз жерлерди туристтер көргөнгө түрткү болду. Алсак, "Кырчын" жайлоосун туристтер эмес, жердештерибиз көрө элек экен. Аталган жайлоодо боз үйлөр тигилип, кыргызга таандык үрп-адаттар көрсөтүлүп, улуттук тамактар берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости