www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө өтө турган Көчмөндөр оюндарына даярдык анчейин эместей. Мурдагыдай шаң жок. Бул кебетеси менен аталган иш-чара эптеп-септеп жыйынтыкталып, мындан ары башка өлкөгө өткөрүлүп берилчудөй болуп турат.
Мындай темп менен ар эки жылда бул бийлик Көчмөндөр оюндарын салтка айлантып кете алчудай эмес. Анын үстүнө бюджет маселеси да илең-салаң болуп турат.
Эмнеси болсо да жакындап калды, тынч жана жогорку деңгээлде өтсө болду бизге. Өкмөт өнтөлөбөй эртерээк кыймылдап, уюштуруучуларды камчылаш керек болуп турат. Анын үстүнө Темир Сариев премьер-министрликтен кеткенден бери Балыкчы-Корумду жолу да бүтпөй, башаламан болуп, чаң асманга көтөрүлүп жатат. Аны Президент өзү деле көрсө керек, Көлдө эс алууда эмеспи...
Булак: "Ачык саясат"