www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз чоролору”коомдук бирикмесинин мурдагы жетекчиси Замир Көчөрбаев уюмдун мүчөлөрү 8-мартта уюштурулган “Аялдардын тилектештик маршы” акциясынын катышуучуларына кол көтөрбөгөндүгүн билдирди. Алар ал жерге болгону байкоо жүргүзүү максатында барышкан.

-Биз өзүбүз түшүнбөй калдык. Бардык нерсе беш мүнөттүн ичинде болуп кетти. Биз барганда милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын жүктөп жатышыптыр. Биз болгону байкоо жүргүзүү максатында барганбыз. Ал эми калпакчан балдар келип, акцияны үзгүлтүккө учураткандыгын колдойм. Анткени, ал жерде улуттун баалуулугун, нарк-насилдерди басмырлоо болуп жатат. Анан кайсыл "мен кыргызмын" деген жигит ошондой ыплас, жат көрүнүштөргө жол берсин? Соңунда бизге Свердлов РИИБне келип, Жеңиш аянтына эмне себептен барганыбызды түшүндүрүп кетишсин деген өтүнүч болду. Биз бардык. Түшүнүк кат жазып бердик, - дейт Замир Көчөрбаев.

Ошондой эле, Көчөрбаев “Кыргыз чоролорунун” беш мүчөсүнө протокол толтурулуп, үч миң сом өлчөмүндө айып салынгандыгын кошумчалап, алар буга макул эмес экендигин айтып, аны жокко чыгаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрыла тургандыктарын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости