www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катыша турчу Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Эске салсак, буга чейин Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко келүүгө ниетин билдирген.
"Жактоочудан соттуу жылдыруу боюнча өтүнүч келгендиктен, сот отуруму 7-октябрь күнү саат 10:00дө болот", — деп айтылат маалыматта.
Мурдагы президент бир жылга чукул сот жараяндарына келбей жүргөн. Анын пикиринде, "экс-президент" макамынан мыйзамсыз ажыратылган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.
Атамбаевден тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.
ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.
Булак: NazarNews.kg