www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп менен канайым Мелания Трамптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

"Бүгүн өлкөнүн биринчи айымы экөөбүздөн тең COVID-19 илдети чыкты. Биз кечиктирбей дарылануубузду баштайбыз. Ооруну экөөбүз биргеликте жеңебиз!" — деп жазган президент өзүнүн Twitter баракчасына.

Буга чейин президенттин кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталгандыктан, Трамп өзү да коронавируска анализ тапшырган эле. Анда ал Хикс менен дайыма тыгыз байланышта иштээрин, андыктан жубайы экөө тең тест тапшырганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости