www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-августта Биринчи Май райондук сотунда белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум кайрадан жылдырылды. Ага себеп кээ бир жактоочулардын келбей калгандыгы болгонун жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу буга чейин дайындалган соттук процесс айыпталуучулардын алып келинбегендигине байланыштуу өтпөй калганын айтат.

"Өткөн аптада сот жактоочулардын берген өтүнмөлөрүн кабыл алып, Кой-Таш окуясы боюнча отурумдар онлайн эмес, кадимки режимде өтмөк. Бирок 26-августка белгиленген процессте айыпталуучулар алып келинген эмес. Анын себеби түшүндүрүлгөн жок. Бүгүн айрым жактоочулардын мурда дайындалган иштери болгону үчүн соттук процесс жылдырылды. Кийинки териштирүү 2-сентябрь күнү саат 10:00гө белгиленди", - дейт жактоочу.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости