www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата-Мекенге» болгон күчүн жумшап кызмат кылып, анан талаада калган дагы бир айым бар. Ал таластык Койсун Курманалиева апчебиз болот. Учурда ал кызматы жок жүрөт. Кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген маегинде жеке иштери менен алек экен.

Койсун деген ким эле? Таласта «Ата-Мекен» үчүн кызмат кылган жалгыз аял болчу. Таластын көкүрөк каккан дардаңбай эркектерин ооз ачтырбай беш жыл башкарган губернатор болгон.

Анан ошол Койсун айымдын эмгегин баалай албаган атамекенчилер эми акыйкаттыкты сүйлөгөндө күйбөгөн жер күл болот экен. Болот Шер эмне кылып жүрөт, бир Койсунду коргой албай. Таарынтпаш керек эле, эми болоору болуптур. «Ата-Мекенге» эмгек сиңиргендер чекесинен сүрүлүп чыгып, таптакыр эле башка пикирдеги адамдар менен толукталды.

Ташболот Балтабаевдин, Койсун Курманалиеванын, Туратбек Мадылбековдун, Өмүрбек Абдырахмановдун, Жоомарт Сапарбаевдин, Бакыт Калмаматовдун жана башкалардын эмгеги бааланган жок.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости