www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурум уланууда.
Буга чейинки соттук отурумга айыпталуучулардын бири Канат Осмоналиев келген эмес.
Бүгүн аны милиция кызматкерлери алып келгени белгилүү болду. Буга чейин судья Азирет Медеров мажбурлап алып келүү боюнча чечим чыгарган. Жактоочулардын бири жыйынга келбей калганына байланыштуу сот тыныгуу жарыялады.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча. Ал ошондой эле түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана 2020-жылдын октябрь айында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен айыпталып, бирок соттолуучу акталган.
Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча материалдар дагы эки кылмыш иши менен бириктирилген – жер тилкелери жана ЖЭБке көмүр жеткирүү боюнча.
Булак: NazarNews.kg