www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун коррупциялык схемасынын учу шаардын мэрине чейин жетет. Мурунку Билим берүү министри Купешов “1000 сомдон жыйнаганга уруксат” десе, Садыр Жапаров “бир тыйын да жыйналбасын” деди. Мындай пикирин профессор Венера Акматова NazarNews маалымат агенттине берген маегинде билдирди.
--Венера эже, №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганы коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Мектеп директорлорун алмаштыруу боюнча туура эмес аракеттер жүрө баштадыбы?
-Мектеп директорлорун алмаштырууга жасалган аракеттер туура. Эч бир мыйзамда, эрежеде 20-30 жыл бир орунда иштей берсе болот деген түшүнүк жок. Эӊ башкысы конкурс таза өтүп, татыктуу жетекчилерди тандап алуу абдан зарыл, антпесе Билим берүү министрлиги жасап аткан иштерге ишеним кетет.
Айрым мектеп директорлоруна байланыштуу чырлуу маалыматтар жөн жеринен чыккан жок. Эртеби-кечпи алардын ордунан козгой турган бир аракет, күч керек болчу. Мектеп директору чырмалган коррупциялык схема мындай: эгерде бир мектепте орто эсеп менен 1000 окуучу болсо, алардын ар биринен ай сайын 400төн баштап 700 сомго чейин мектеп фондуна акча чогултулат. Ошондо мектептин “Күн нуру”, “Келечек” жана башка аталыштагы мектеп фонддоруна ай сайын орто эсеп менен 500 миӊден 600 же 700 миӊ акча чогулат. Эми ушуну 10 айга, кээ бир мектептер 12 айга төлөтөт, эсесптесек орто эсеп менен 5 млн, андан да көп акча чогулат. Ошондо жыл сайын 5 млн чогулса, 5 жылда 25 млн, 10 жылда 50 млн акча топтолмок. Мындан тышкары мектептин ремонтуна өзүнчө, мектептин кароолчусуна (охрана) өзүнчө акча чогултулат. Мыкты деп эсептелген мектептер өз алдынча окуучунун күндөлүктөрүн, айрым предметтер боюнча жумушчу дептерлерди басып чыгарып, сатышат. Кошумча сабактар үчүн ата-энелер өзүнчө дагы акча төлөшөт. Бул жагынан да киреше жакшы эле болот.
Ал эми шаардагы 5, 6, 12, 13, 26, 61, 67, 68, 69, 70- мектептерге балдарды орноштуруу жогорку окуу жайынан да оор. Мыйзам боюнча мектепке участогу туура келген балдар бекер, эч кандай тоскоолдуксуз кабыл алынат. Дагы тереӊдеп карасак, аталган мектептерде участогу туура келбеген балдардын саны 80-90%ды түзөт. Анда алар кантип кабыл алынып атат!? Кантип кабыл алынып атканын бардыгы эле билишет, бирок унчугушпайт. Бирок, ата-энелер тынымсыз эле акча төлөп келе жатканына карабастан мектептердин акыбалы өзгөрүп кеткен жок. Эӊ мыкты, атактуу мектептердин ичине кирип бир сыйра кыдырып чыксаӊыздар, мурунку эле совет мезгилиндеги абалын бир аз оӊдоп-түзөп, тешилген жерин бүтөп, суу аккан чатырын жаап коюшкан.
Кабинеттердин жасалгалары деле ошо, химия сабагынан жаӊы прибор, же интерактивдүү доска сатып алгандары аз санда. Мектептин короосунда деле өзгөрүү жок, спорт аянтчасы деле каралбай жатканы көрүнүп турат. Анда чогултулган акчалар кайда кетти? деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Адатта ата-энелер мектептин жыйналыштарында акчанын кайда жумшалып жатканын сурамак тургай, ашыкча суроо бергенден тартынышат, себеби балдарга залалы тийип калбасын деп чочулашат. Эгерде мектептин директору ата-энелерден жыйналган акчаны чыпчыргасын коротпой бардыгын сарамжалдуулук менен мектепке жумшаса, анда мектептердин акыбалы укмуш жакшырмак. Акырындап евроремонт жасап, парта-отургучтарды жаӊылап, кондиционерлерди коюп, жаӊы технологиялар менен жабдып койсо болмок. Спорт залын жаӊыртып, спорт аянтчасына жасалма килемдерди төшөп, машыгуучу инвентарларды койгонго каражат жетмек. Мектептин короосуна гүлдөрдү отургузуп, эс алуучу отургучтарды жайгаштырса эмне үчүн болбосун.
Тилекке каршы андай болгон жок. Анда акча кайда кетти!? “Аябай укмуш директор болчу” дегендердин мектебине бир барып көрсөӊүздөр менин айткандарыма ынанасыздар. Ошондуктан эчак эле мектеп фонддорун легалдаштырыш керек, же таптакыр жоюп салыш керек болчу! Мектептин директору бир орунда 25-30 жыл жөн эле отурган жок, мектептен жыйналып аткан акча да баарына эле белгилүү. Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун коррупциялык схемасынын учу шаардын мэрине чейин жетет. Мурунку Билим берүү министри Купешов “1000 сомдон жыйнаганга уруксат” десе, Садыр Жапаров “бир тыйын да жыйналбасын” деди. Айтылган эки сөз теӊ арык аттап, суу кечкен жок! Мектеп директорлору “кылдары кыйшайбай” эле фондго мурункудай эле акча чогултканын токтотушкан жок. Эми мен айсбергдин үстүндөгүлөрдү гана айттым, дагы тереӊдеп кирсе “мектеп коррупциялык схемасынан” Мюнхаузендин жоруктарындай тири шумдуктарды таап чыкса болот!", - дейт Венера Акматова.
Булак: NazarNews.kg