www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-августта Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Кой-Таш окуясына" байланыштуу ишти карады. Жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына анда судья жараян жабык өтөрүн билдиргенин жазды.

Ал судья мындан эки күн мурда эле процесс ачык өтөрүн айтканын белгилеп, соңку чечимди "мыйзамсыз" деп атады.

Биринчи май райондук соту буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын Кой-Таш окуясына байланыштуу соту 8-августта жанданган.

Ушул жылы 30-майда бул иштин алкагында Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган жана ошондон бери жараян белгисиз мөөнөткө жылып калган. Анда кылмышка шектүүлөрдүн ар бирине сегизден 15ке чейин айып коюлган. Бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Кой-Ташта мындан үч жыл мурда 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин кримтөбөл Азиз Батукаевдин трмөдөн эрте бошоп кетишине айыпталган Атамбаевди кармоо операциясы тоз-тополоң менен коштолгон. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40 УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости