www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан банктарынын бирикмеси тарабынан дыйкандарга өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп, кыска мөөнөттүү насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн кампа күбөлүктөрүн документсиз жүгүртүү боюнча автоматташтырылган «Кампа күбөлүкөрү» маалыматтык тутумун ишке киргизди. Бул тууралуу Банктар бирикмесинин долбоорлор боюнча менеджери Рустам Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, фермерлер жана кампалар онлайн каттоодон өтүп, кеңседеги платформада бардык иш-аракеттерди жүргүзө алат.

“Платформада катталуу үчүн фермер же кампа ээси толук аты-жөнүн, СИН (ИНН), телефон номерин жана юридикалык аталышын киргизиши керек. Ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин телефонго билдирүү жөнөтүлөт”, - деп кошумчалады ал.

Сарыбаев белгилегендей, эгерде дыйкан банк алдындагы милдеттенмесин аткара албаса, анда кампадагы товары толугу менен банкка өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости