www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында калктын коопсуздугу көзөмөлдө, калк коопсуздугунун сакчылыгында шаардык тийиштүү ишкана-мекемелер, керектүү техникалар даяр турушат. Ошондой эле суунун шаар аймагын каптап кетишинин алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ, 29-апрелде Сузак районунун Сарык-Булак айылынын жанында Көк-Арт суусуна 1,5 миллион кубометр көлөмдөгү жер көчкү түшүп, дарыяны бууп калган. Анын кесепетинен суунун ылдый жагында жайгашкан калктуу пункттарды, Жалал-Абад шаарын жана Сузак айылын суу каптоо коркунучу пайда болгон. Ошондон улам Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө абал киргизилген.
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкаруусунун 300 кожолугу, 3 мектеп, 3 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 346 электр мамылары, 2,4 чакырым таза суу линиясы, 243 метр байланыш линиясы, 3,6 чакырым газ түтүктөрү, 16 мамлекеттик жана 8 жеке менчик имараттар, 1 көпүрө, 102 чакырым ички чарбалык жолдор коркунуч астында калган.
Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин жана шаар жетекчилигинин уюштуруусу менен тез арада областтык жана шаардык штабдар түзүлүп, тийиштүү мекеме-ишканалар жана алардагы техникалар сактап калуу иштери үчүн даярдаган. Калк арасында маалымат жеткирүү жана түшүндүрүү иштери алып барылды.
Жалал-Абад шаарындагы "Живпром” участкасына коркунуч жараткан Көк-Арт суусунун сол жээгиндеги №10 дамбанын кооптуу бөлүгүн коргоо максатында 2 погрузчик, 4 самосвал күйүүчү майлары менен даярдыкка келтирилди. Ошондой эле 300 кубометр кыркылган таштары камсыз кылынды. Тайгараев аймактык башкаруусундагы Кыргызстан айылына коркунуч жараткан №9 дамбанын кооптуу бөлүгүн коргоо масатында 1 погрузчик, 3 автосамосвал техникалары даярдалды.
Зарыл учурда элди көчүрүү боюнча даярдык иштери да алып барылды. Бул максатта Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, №75 жана №1 кесиптик лицейлердин, Медициналык колледждин жатаканаларынан 400гө жакын орун даядалган. Ошондой эле 3 медициналык бригада, 50 тартип сактоо кызматкерлери, 8 автобус, 8 кичи автобус жетиштүү күйүүчү майлары менен даярдыкта турушту. Бул тууралуу маалыматты janews.kg маалымат сайты жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg