www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде Саламаттык сактоо министри болуп, кийин Улуттук госпиталды жетектеп, бирок бир кадам дагы алдыга жылыш жасаганга жарабаган жетекчи Сагинбаева Динара айымга Улуттук госпиталды ондоп түзөө иштеринде кетирген мыйзам бузуулары үчүн кезектеги кылмыш иши козголуптур.

Бул сан жагынан алганда канчанчы ирет экендигинен башың айланат. Себеби, буга чейинки козголгон кылмыш иштери ар кандай себептерден улам кайра эле жабылып келет. Ишмердигине көз жүгүртсөк, Батукаевге эркиндикке «жолдомо» алып берип кылы кыйшайбай, андан кийин «чуманын» чуусу чубалып, ага улай фармацефтикалык былыктары каалгып, баш көтөргөн киши менен эле соттошуп, бирок жеңилип келет. Айта берсең сөз көп...

Бул жолку козголгон кылмыш иши дагы «жабылбайт» деп ким кепилдик бере алат?! Иштин кандай аяктаарына баам салып турабыз денизчи, бирок биздин редакцияга кайрылган атын атагысы келбеген жаран Сагинбаева ушул жылдын октябрь айында Улуттук госпиталдын 140 жылдык мааракесин өткөргөнгө далалат жасап жаткандыгын кабарлады. Мааракени өткөрсүн, ага эч кимдин каршылыгы жок. Болгону Сагинбаева мааракени врачтардын жана кызматкерлердин эсебинен өткөрө турганы кызык болууда. Ар бир бөлүмдөн 500 АКШ доллары өлчөмүндө жана ресторанга ар бир кишиден 2 миң сом өлчөмүндө акча чогултууга буйрук бериптир.

Кол астындагылардын нааразылыгы күчөп, каңырыгы түтөп турган кез. Маянага жашаган кызматкерлерге бул аргасыз төлөм олчойгон эле сумма болуп атпайбы. Эгер иш билги жетекчи катары каржы булагын таап, элди кыйнабай майрам өткөрсө эч ким каршы болмок эмес. Мындай «жалган майрамдын» кимге кереги бар?! Анан да ал акчалардын канчсы майрамга жумшалат., канчасы Сагинбаеванын капчыгына түшөт, бир Кудай билет...

Булак: Де-факто

Последние новости