www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда калк арасында мартабалуу бренддерди издеп, чет жактан келген буюм-тайымдарга эмес, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн жасаган экологиялык таза жана жарашыктуу товарларына кызыгуу көбөйүп барат. Бул бир эсе капчыкка, бир эсе ден соолукка пайдалуу.

Кол өнөрчү Замира Шаимкулованын айтымында,Жалал-Абад шаарында табигый жиптерден токулган буюмдарга, кийимдерге кызыгуу күчөп барат. Ал көпчүлүк кыялданган буюмдарды, кийимдерди токуп, анын товарлары чет жактан келген кийимдерден  сапаты жана дизайны жагынан кем калышпайт. Табигый сырьёдон жасалган кийимдер кышкысын жылуу, жайкысын салкын болгондуктан, кардарларга өтүмдүү да болуп жатат.

З. Шаимкулова жиптен кийимдерди токуганды 16 жашынан баштаган.  Адегенде үйрөнчүк болуп, кийинчерээк кардарлары көбөйүп, анын жасаган буюмдарына суроо-талап күчөгөн. Ал негизинен буюртмалар аркылуу жаш наристелердин кийимдерин токуп берет.

-Мен токуган кийимдерге бир да синтетикалк жиптерди аралаштырбайм. Ошондуктан кардарларымдын басымдуу бөлүгү жаш наристелерине буюртмаларды беришет. Азыр заман талабына ылайык заманбап баш кийимдерди токуп жатам. Максатым - келечекте өзүмдүн токуучу жайымды ачып, жаштарга өз өнөрүмдү үйрөтүү, - дейт ал.

Белгилей кетсек, колдо токулган баш кийимдердин баасы Жалал-Абадда 150 сомдон башталып, 500 сомго чейин болот. Бул сумма карапайым калктында капчыгына туура келет. Ал эми чет жактан алынып келген баш кийимдердин баасы 500 сомдон 3000 сомго чейин болууда.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости