www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын улуттук агенттиги SANA жергиликтүү булактарга таянып, «Сириянын демократиялык күчтөрү» (SDF) күрт-араб түзүлүштөрүнүн согушкерлери Сириянын түндүк-чыгышындагы Аль-Хасака провинциясындагы мектептин 15 мугалимин уурдап кетишкенин билдирди.
Маалыматка караганда, SDF согушкерлери Камышлы шаарынын бир нече турак жайларына рейд жүргүзүшүп, 15 мектеп мугалимдерин шаарга киргизилген коменданттык саатты бузду деген шылтоо менен белгисиз тарапка алып кетишкен.
Белгилей кетсек, буга чейин шаарда облустагы жалпы билим берүүчү мектептердин жабылышына каршы акция өткөн.
Бүгүнкү күндө күрт куралдуу түзүлүштөрү америкалык аскерлердин колдоосу менен Аль-Хасеке жана Ракка провинцияларынын көбүн, ошондой эле Алеппо жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы айрым конуштарды көзөмөлдөп турушат. Алардын көзөмөлүндө Аль-Хасаке жана Камишли шаарларынын көпчүлүк кварталдары бар.
Булак: NazarNews.kg