www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан»* кыймылы Афганистандын борборундагы Кабул аэропорту ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алууга толугу менен даяр экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи Twitter баракчасы аркылуу авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

«Кабул эл аралык аэропортундагы көйгөйлөр чечилди, аба майдан ички жана эл аралык каттамдар үчүн толугу менен даяр. «Афганистан Ислам Эмирлиги» (талибдердин өзүн-өзү атап алган саясий системасы — ред.) бардык авиакомпаниялар менен кызматташууга даяр деп ишендирет жана буга чейин аткарып келген каттамдарын жандандырышына үмүт артат», — деди ТИМдин өкүлү.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган.

Эске салсак, 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген.

Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости