www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Талибан"* кыймылы бир канча кишини эл алдында дарга аскандыгы белгилүү болду.
Төрт кишинин сөөгү Ооганстандын батышындагы Герат шаарынын башкы аянтында асылса, дагы үчөөнү талибдер шаардын башка бөлүгүнө алып кетишкен.
Бул тууралуу күбөлөрдүн бири Associated Press агенттигине билдирген. Жергиликтүү чиновниктин айтымында, "бул адамдар оогандык ишкер менен анын уулун уурдап кетти" делгенден кийин болгон атышууда өлтүрүлгөн. Башка басылмалар жазгандай, уурдалгандардын бири талиптердин согушкери болгон.
"Мындан ары андай кылмыштарга эч ким барбаш үчүн биз алардын сөөгүн Герат аянтына астык", - деген Гераттын губернаторунун орун басары Маулваи Шаир Ахмад Эмар.
"Талибан" кыймылы Ооганстанда кылмыш кылгандарды катуу жазалаган практиканы кайра киргизүүнү пландап жатканын билдирген. Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Нуриддин Тураби Associated Press агенттигине курган маегинде сөз колун кесүү жана өлүм жазасы тууралуу болуп жатканын айткан.
Талибдер бийликте турган учурда Ооганстанда киши өлтүрүүгө өлүм жазасы берилген. Уурулукка баргандардын колу, талап-тоноочулук кылгандарын колу-буту кесилген. Бул жаза жалпы коомчулук алдында, Кабулдагы стадиондо ишке ашырылып келген. Нуриддин Тураби учурда талибдер түзгөн өкмөттө Жаза аткаруу кызматын жетектейт.
Булак: NazarNews.kg