www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүн улантууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди, деп жазат ТАСС.
Түркиянын президенттик аппаратынын билдирүүсүнө ылайык, Эрдоган сүйлөшүү учурунда Түркия Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн бардык аракеттерди жасаганын айтып, мындан ары да зарыл болгон колдоону, анын ичинде ортомчулукту көрсөтүүнү убада кылды.
Мындан тышкары, Түркиянын башчысы Анкара Украинадан деңиз аркылуу айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн коопсуз коридор түзүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин менен түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандын телефондук сүйлөшүүсүндө Украинадагы кырдаал талкууланганы маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg